"Fit, Alphard, Toyota Wish". Дубайдан Кыргызстанга унааны автотетик деп алып киргендер аныкталды (фото)





Бириккен Араб Эмираттарынан Кыргызстанга унааны автотетик катары алып киргендер кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, БАЭден Е.А.М. аттуу алуучунун дарегине инвойско ылайык автомобилдердин запастык товары келген. Бирок бажылык тыкыр кароонун учурунда асты жагынан жарым-жартылай кесилген 10 автоунаа табылган.
Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө унааларды өз багыты менен иштетүүгө жарактуулугу аныкталган.
"Экспертизанын корутундусуна ылайык, кармалган автоунаалардын жалпы орточо базар баасы 15 миллион 691 миң сомду түздү. Мамлекетке келтирилген зыяндын алдын ала суммасы 5 миллион 345 миң сомду түзгөн", - деп билдиришти Бажы кызматынан.
Топтолгон материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.