super.kg logo

Өлкөдө жол кырсыктарын алдын алуу максатында жолдорго соккуга каршы буферлер орнотулууда

 

Жол кырсыктарын алдын алып, адам өлүмүн болтурбоо максатында өлкө жолдоруна соккуга каршы буферлер орнотулууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев билдириди.

Анын айтымында, учурда иштер эки тилкеде жүрүп, Бишкек-Кара-Балта унаа жолуна 50 даана, ал эми Бишкек- Нарын-Торугарт жолуна 100 даана буфер коюлуп жатат. Кум толтурулган атайын челектин бийиктиги 80 сантиметр, диаметри 55 сантиметрди түзүп, салмагы 200 килограммга жетет.

"Жолдун ортосундагы тосмолордун баш-аягына коюлуп жаткан атайын челектер ачык түскө ээ болуп, түн ичинде да алыстан көрүнөт.

Кырсык болгон учурда буферлер соккуга жана деформацияга туруштук бере алат, бул унааларга келтирилген зыянды азайтып, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылат", - деп айтылат министрдин билдирүүсүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: