Орус драма театрында "Караңгы аллеялар" спектаклинин бет ачары болот
Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында "Караңгы аллеялар" спектаклинин бет ачары болот. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, ушул жылдын 9-сентябрында Мамлекеттик улуттук орус драма театрында орус жазуучусу Иван Буниндин аӊгемелер топтому боюнча даярдалган “Караӊгы аллеялар” спектаклинин бет ачары болот.
"Караңгы аллеялар" И.А.Буниндин эң мыкты чыгармаларынын бири. Чыгармада адамды өзгөртүү, адамдагы сезимдердин күчү, тагдырдын талкаланышы баяндалат.
Спектаклдин үстүндө төрт режиссёр - Вячеслав Виттих, Филипп Хитров, Нелли Плешакова жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Галина Кетова иштеп жатышат", - деп жазылат маалыматта.
Спектаклдин режиссёру Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү-коюучу - Юлдаш Нурматов экени айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-07-06
16:05
2025-07-05

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.