"Жумушту эмнеге кеч баштап жатасыңар?". Министр Балыкчы-Каракол жолун күтүүсүз текшерди (видео)
Бүгүн, 15-августта таң эрте Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев Балыкчы-Барскоон-Каракол унаа жолун күтүүсүз текшерип барды. Анда министр курулуш иштери кечеңдеп, жай жүрүп жатканына нааразычылыгын билдирди. Мындай видео министрдин социалдык тармактагы расмий баракчасына жарыяланды.
“Эмнеге асфальттын бардыгын сыйрып, чаң сапырып жатасыңар? Бөлүштүрүп сыйрысаңар болбойбу, эмнеге суу чачылган эмес. Ошол үчүн эл нааразы болуп жатат? Кана 1 дагы жумушчу жок, уктап жатасыңар”, – деп тилдеди министр.
Ошондой эле Текебаев талап болмоюн, иштин жүрүшү мүмкүн эместигин айткан.
"Талап болмоюн, иштин жүрүшү мүмкүн эмес! Балыкчы-Барскоон-Каракол унаа жолунун 71-чакырымынан 141,6-чакырымына чейинки курулуш иштери кечеңдеп, жай жүрүп жатканынан таңкы саат 07:00дө күтүүсүз барып текшерүүгө алдым", - деген ал.
Маалым болгондой, аталган унаа жолдун 71-чакырымынан 141,6-чакырымына чейин “Арек Строй” компаниясы куруп жатат.
"Жумушту эмнеге кеч баштап жатасыңар?". Министр Балыкчы-Каракол жолун күтүүсүз текшерди


