super.kg logo

"100 миллион сом бөлүнгөн". Өзгөндө ирригациялык каналдар калыбына келтирилүүдө

 
Ош облусунун Өзгөн районунда ирригациялык сугат тармактарын реабилитациялоо жумуштары жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Ош облусундагы өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, “Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы жерлерди сугарууну уюштуруу" долбоорунун алкагында Жаман-Адыр массивин өздөштүрүү жана ирригациялык сугат тармактарын реабилитациялоо жумуштары жүрүп жатат.
Ага ылайык, президенттин резервдик фондунан 4,8 километр магистралдык каналды жана 12,1 километр ички чарбалык каналдарды калыбына келтирүүгө 100 миллион сом бөлүнгөнү айтылат.
"Долбоордун максаты 719 гектар жерди сугат суусу менен камсыз кылуу. Учурда каражат бөлүнүп, бардык керектүү жабдыктар алынып иш кызуу жүрүүдө. Бул айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө жаңы дем берип, жерибиздин туруктуулугун камсыздайт", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: