super.kg logo

Кыргызстан жыл башынан бери сыртка 4,8 тонна алтын экспорттоду

 

Кыргызстан жыл башынан бери чет жакка 4,82 тонна алтын экспорттоду. Анын 3 тоннага жакыны июнь айына туура келет. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйылкы жылы кыргыз алтынын алуучу негизги кардар өлкө Швейцария болуп калды. Аталган мамлекетке январь-июнь аралыгында 3,97 тонна алтын жөнөтүлгөн. Анын 2,77 тоннасы июнь айында жиберилген.

Мындан тышкары 517,9 килограмм алтын Кытайга сатылганы айтылды. Бул мамлекетке экспорттолгон алтындын июнь айындагы көлөмү 349,9 килограммды түздү.

Муну менен Кыргызстан июнь айында 193,6 миллион долларга, ал эми жыл башынан бери жалпы 302 миллион 793,6 миң долларга алтын сатканы кабарланды.

Белгилей кетсек, өткөн жылы ушул эле аралыкта алтындын экспортунан түшкөн киреше 609,6 миң долларды түзгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: