Кыргыз футзалчылары Тажикстанда өтүүчү CAFA турнирине катышат
Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр курама командасы Тажикстанда өтүүчү жаштар турнирине катышат. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, футбол боюнча Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасы "CAFA U-17 Championship 2023" турнирине катышат. Турнир 18-28-августта Тажикстандын Гиссар шаарында өтөт.
Кыргызстандык жаш футболчулар Ооганстан, Өзбекстан, Иран жана Тажикстан курамалары менен беттешет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.