super.kg logo

"Балдар үчүн ишеним телефону" борборуна бир суткада 255 чалуу түштү

 

Өлкөдө "Балдар үчүн ишеним телефону" борборуна ушул жылдын 1-8-августуна чейин 1 миң 787 телефондон кайрылуу болду. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, чалуулардын ичинен 39 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган, 29 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар айтылып, 5 абонентке психологиялык консультация берилген. 5 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

Ошондой эле бир суткада 255 чалуу түшкөнү кабарланат.

39 чалуунун ичинен: эркектерден - 6 (15,4%), аялдардан - 23 (59,0%), эркек балдардан - 1 (2,6%) , кыздардан - 9 (23,0%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– Социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө - 13 (балдар 1);

– Финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө - 7 (балдар 1);

– Психологиялык жабырлануу менен - 5 (балдар 3);

– Балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө - 4 (балдар 2);

– Балдарды тарбиялоо, анын журум туруму, балдар менен ата-энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 3 (балдар 2);

– Үй-бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө - 2 (балдар жок);

– Үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 2 (балдар жок);

– Башка маселелер боюнча - 1 (балдар 1);

– Медицина камсыздоо жөнүндө - 1 (балдар жок).

– Билим берүү системасы жөнүндө – 1 (балдар жок).

1 миң 787 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик, тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашып жаңылып чалгандар экени айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: