Орусиянын Борбордук Банкы рублдун жаңы символун бекитти

Орусия Борбордук
Банкы рублдун символун иштеп чыкты. Бул символ акча белгилерин каттоого алуу
үчүн колдонулат. Мындай маалыматты чет элдик маалымат каражаттары жазып
чыгышты.
Автор: Темирбек Матаев
Жаңы символдо Р
тамгасынын төмөн жагына туурасынан сызыкча чийилген. Аны кабыл алуу чечими Борбордук Банктын директорлор кеңеши
тарабынан бекитилген.
Белгилей кетсек, Борбордук Банк рублдун символу боло турган 5 вариантты расмий сайты аркылуу
добуш берүүгө койгон. Добуш берүү 5-ноябрдан 5-декабрга чейин уланып, ага 280
миң адам катышкан. Алардын 61 пайызы рублдун жаңы бекитилген символуна добуш
беришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

Рейтинг:
0

