super.kg logo

Бишкекте өндүрүш ишканалары текшерилип жатат

 

Бишкекте өндүрүш ишканаларын текшерүү уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта шаардык мэриядан билдиришти.

Ага ылайык, өнөр жай ишканаларын жумалык кыдыруунун алкагында Ленин районунун башчысы Жыргалбек Шакиев "Кока-Кола Бишкек Боттлерс" ЖАКта болду.
"Завод Кыргызстанда 1996-жылдан бери иштеп келет жана ата мекендик базарда алкоголсуз суусундуктарды чыгарган ири компаниялардын бири болуп саналат.
Ишкананы өнүктүрүү жана кеңейтүү, кубаттуулуктарды арттыруу, кошумча жумуш орундарын түзүү боюнча маселелер талкууланды. Заводдун жетекчилиги ишканага экскурсия жасатып, ишканада өндүрүлгөн өндүрүш менен тааныштырды", - деп жазылат маалыматта.
"Кока-Кола Бишкек Боттлерс" ЖАК экология, социалдык ишкердүүлүк жаатындагы коомдук долбоорлорду активдүү колдойт, район башчысы мындай долбоорлорду ишке ашырууда өз ара кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеген.
Ошондой эле тараптар мындан аркы өнөктөштүк жөнүндө макулдашып жана иш-аракеттердин конкреттүү кадамдарын белгилешкени айтылат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: