super.kg logo

Кара-Суудагы кырсык: Милиция жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармады

 

Ош-Кара-Суу жолундагы суу түтүгү кулап түшкөн окуя боюнча шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Буга чейин Кара-Суу районунда суу түтүгү унаанын үстүнө кулаган окуядан 2 адам каза болуп, үч адам ооруканага жеткирилгендиги маалымдалган.

12-август күнү саат 10:00 чамасында Кара-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө кабар келген. Анда Ош шаары менен Кара-Суу районунун кесилишинде жайгашкан мунай базасынын унаа жүрүүчү жолунда кокусунан суу өтүүчү түтүк (труба) түшүп кетип Daewoo Nexia үлгүсүндөгү автоунааны басып калгандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Каза болгон жарандарга жана ооруканага жеткирилген жарандарга соттук медициналык экспертиза дайындалып, жол эрежесинин талаптарын бузгандыгын аныктоо боюнча соттук автотехникалык, трассологиялык экспертизалар дайындалган.

"Бул окуяга шектүү катары кылмыш жаза кодексинин 144-беренесинин ( Коркунучта калтыруу) негизинде Алай районунун 47 жаштагы К.К. аттуу тургуну кармалып, ал 12-августта Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө окуя болгон күнү шектүү ошол жерден 200 метрдей алыстыкта жайгашкан суу тарапка качып кеткени аныкталды. Ошондой эле унаада каза болгон жарандарды жана жаракат алгандарды көрүп, бирок аларга жардам берүүдөн баш тарткан", - деп билдиришти милициядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: