super.kg logo

Караколдо 67 жаштагы аял бычакталды. Шектүү кармалды

 

Каракол шаарында 67 жаштагы аял киши колдуу каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-август күнү Каракол ШИИБинин нөөмөт кызматына шаардагы батирлердин биринде аял кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Текшерүү учурунда үйдүн ичинен бычакталып өлтүрүлгөн аял кишинин жансыз денеси табылган. Маркум Каракол шаарынын 67 жаштагы тургуну экендиги аныкталган.

Аталган факты Каракол ШИИБинде каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Ак-Суу районунун О.А. 59 жаштагы тургуну кармалды. Шектүү алдын ала суракта жасаган кылмышын толугу менен моюнуна алган.

Соттун чечими менен шектүү Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгени кабарланды. Тергөө кызматы тарабынан учурда кылмыштын себептери жана жагдайлары иликтенип жатканы белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: