super.kg logo

Баткенде күрүчтү мыйзамсыз ташып бара жаткандарга бөгөт коюлду

 

Баткен облусунда күрүчтү мыйзамсыз ташып бараткандарга бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалымдалгандай, контрабандалык ишмердүүлүккө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМКнын кызматкерлери 4-августта Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагындагы чек ара тилкесинде 1992-жылы туулган А.А. аттуу Кыргыз жаранынын башкаруусундагы мамлекеттик Z0475A номердеги Хундай Портер үлгүсүндөгү унаа кармалды.

Ага ылайык, унааны текшерүү учурунда контрабандалык жүк коңшу өлкөдөн Кыргызстанга алып келинген, салмагы болжол менен 2000 килограмм болгон 80 кап (лазер сортундагы) күрүч табылган. Кармалган товарлардын орточо базар баасы 450 миң сомдон жогору бааны түзөт. Товарлар бажылык тариздөөдөн өткөнүн тастыктаган эч кандай документтери жок ташылып келинген.

Учурда бул иштин алкагында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: