super.kg logo
  Спорт  

Көк бөрү: Казакстандык клубдардын беттешинде "Астана" "Жетису" командасын ири эсепте жеңип алды

 

Чолпон-Атада Көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө биринчилиги уланууда. Бүгүн, 15-августта Казакстандан келген "Астана" менен "Жетису" клубдары "В" тайпасында кез келишти. Достук кубогу үчүн болгон тайпалык беттеш 8:0 эсебинде астаналыктардын жеңиши менен аяктады.

Эске салсак, Казакстандын күчтүү делген 4 командасы ("Астана", "Жетису", "Шымкент", "Түркстан") Кыргызстандын алдыңкы 4 клубу менен ("Ынтымак", "Достук", "Сары-Өзөн", "Мурас") Достук кубогу үчүн күч сынашат. Буга чейин "А" тайпасындагы алгачкы беттештер орун алган. Анда "Ынтымак" 5:1 эсебинде "Сары-Өзөндү", ал эми "Достук" 7:4 эсебинде "Мурасты" жеңип алган.

Көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө чемпиондугу 20-августка чейин уланат. Ага дүйнөнүн 6 мамлекетинен келген 22 команда катышууда. Турнирдин башкы максаты көк бөрү спортун эл аралык деңгээлде өнүктүрүү жана мамлекеттер арасындагы ынтымакты бекемдөө болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: