super.kg logo

Бардык министрлердин орун басарлары санариптештирүү боюнча окутулууда

 

Министрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик бардык министрлердин орун басарларын санариптештирүү боюнча окуудан өткөрүүдө.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, тренингдин биринчи күнү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өттү.

Ал инновациялар, маалымат базаларын түзүү жана алардын ортосунда маалымат алмашуу, жеке маалыматтарды коргоо, санариптик көндүмдөрдү үйрөтүү – мунун баары өлкөнү санариптештирүү үчүн маанилүү компоненттер экенин белгиледи.

"Санариптик инструменттердин аркасы менен биз салык чогултууну көбөйттүк жана президентибиз койгон пландарды аткаруудабыз. Технологиянын тез өнүгүүсүндө мамлекет мурдагыдай ордунда тура бербеши керек. Ошондуктан, мамлекеттик кызматкерлерибиздин жаңы инструменттерди жана ыкмаларды мамлекеттин пайдасына максималдуу түрдө пайдалана алышы үчүн аларга санариптик көндүмдөрдү окутууга инвестициялоо маанилүү. Тренингдердин жыйынтыгы боюнча аттестациялоо экзаменин өткөрүп, жыйынтыгын мага билдиришиңиздер керек”, - деди Жапаров.

Белгилей кетсек, министрлердин орун басарлары санариптик трансформациянын стратегиялары, электрондук өкмөттүн мыйзамдык негиздери, маалыматтык системалардын механизмдери, жеке маалыматтарды коргоо багыттары боюнча окуудан өтөт. Практикалык сабактардын учурунда санариптик лидерлер үчүн пайдалуу санариптик инструменттер көрсөтүлөт. Тренинг 14-16-август күндөрү өткөрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: