"Бир автобус киши өрттөнүшү мүмкүн". Дагестандагы жарылуудан каза болгондордун саны 35ке жетти
Дагестандын борбору Махачкала шаарындагы жарылуу болгон жерден дагы 5 адамдын сөөгү табылып, каза болгондордун жалпы саны 35ке жетти. Бул тууралуу Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Учурда жеринде куткаруучулар иш алып барышууда. Каза болгондордун саны мындан дагы көбөйүшү мүмкүн.
Ал эми жарылуудан жабыркагандардын саны 100дөн ашты.
Айрым орусиялык басылмалар жергиликтүү тургундарга шилтеме жасап, жарылуу болгон жерде бир автобус киши болгонун жана автобус толугу менен күйүп кеткенин жазышууда.
Кечээ, 14-август күнү кечинде Махачкаладагы "Глобус" соода борборунун жанында автосервис өрттөнүп, өрт май куюучу жайга өтүп, андан кийин катуу жарылуу болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.