super.kg logo

"Баары арыздарын кайтарып алышты". Бишкекте троллейбус айдоочуларынын баары иштеп жатышат

 

"Бишкек троллейбус" башкармалыгында айдоочулардын баары иштеп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта SUPER.KG порталына аталган мекемеден билдиришти.

Маалым болгондой, эмгек кодексине ылайык айдоочунун жумуштан бошотуу боюнча арызы алар тарабынан кайтарылып алынган. Бүгүнкү күндө башкармалыкта 272 троллейбус айдоочусу бар.

"Учурда башкармалыкта 272 айдоочу иштеп жатат. Биринчи автобазада 156, экинчи автобазада 116 айдоочу эмгектенет. Айдоочулар эки нөөмөт менен иштешип, күн сайын каттамга 130 троллейбус чыгат", - деп билдиришти мекемеден.

Эске салсак, 9-августта "Бишкек троллейбус" башкармалыгында жыйын болуп, сентябрдан тарта эмгек акы 50 миң сомго чейин көтөрүлөрүн билдирген. Бирок буга айдоочулардын жарымы мындай чечимге макул эместигин айтып, 10-августта жумуштан кетүү арызын жазышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: