super.kg logo

Кыргыз-БАЭ ТИМдеринин ортосундагы кеңешмесинин 1-жыйыны өттү

 

Бишкекте Кыргыз-БАЭ Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кеңешмесинин 1-жыйыны өттү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Белгиленгендей, кеңешменин жүрүшүндө тараптар кызматташууну кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экенин ырастап, консулдук чөйрөдөгү кыргыз-эмират кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Ошону менен бирге Кыргыз жарандарынын Бириккен Араб Эмираттарынын аймагына кирүү процедураларын жеңилдетүү, консулдук чөйрөдөгү укуктук-келишимдик базаны кеңейтүү, ошондой эле санариптештирүү тармакта тажрыйба алмашуу боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө басым жасалды.

Кеңешме конструктивдүү жана өз ара түшүнүшүү рухунда өттү, анын жыйынтыгында тараптар консулдук багытта эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо жөнүндө макулдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: