ТИМ: "Дагестандагы жарылуудан кыргызстандыктар жабыркаган жок"
Дагестандын борбору Махачкала шаарындагы жарылуу болгон жерден каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктардын жок экенин бүгүн, 15-августта Тышкы иштер министрлигинен SUPER.KG порталына билдирди.
"Алдын ала маалымат боюнча, кыргызстандыктар жок", - деп билдиришти аталган министрликтен.
Белгилей кетсек, кечээ, 14-август күнү кечинде Махачкаладагы "Глобус" соода борборунун жанында автосервис өрттөнүп, өрт май куюучу жайга өтүп, андан кийин катуу жарылуу болгон.
Акыркы маалыматка ылайык, жарылуудан каза болгондордун жалпы саны 35ке жетсе, ал эми жабыркагандардын саны 100дөн ашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.