super.kg logo

Кыргызстанда насаатчылык институту киргизилди

 

Министрлер кабинети "Ишканада (уюмда) насаатчылык жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтом кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, насаатчылык – бул ишкананын же уюмдун эң квалификациялуу адистеринен, иш стажы жок кызматка дайындалган жаш адистерге, билим жана көндүмдөрдү өткөрүп берүү процесси.

Ага ылайык, насаатчылар кесиптик билимин жана көндүмдөрүн өркүндөтүү, жаш адистердин өз милдеттерин мыкты аткаруусу үчүн усулдук жана практикалык жардам көрсөтөт. Ошондой эле, насаатчылар командага көнүүгө жардам берет.

"Жобо насаатчылыктын максаттарын, насаатчыларга коюлуучу талаптарды, насаатчылыкты уюштуруунун тартибин, формаларын жана ыкмаларын, ошондой эле анын укуктарын менен милдеттерин билдирет.

Эмгек министрлигинен такташкандай, бул токтомду кабыл алуу демилгеси бизнес-коомчулук тарабынан 2020-жылы Өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялоо боюнча кеңештин жыйынында көтөрүлгөнүн тактады", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: