super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Владимир Путинге көңүл айтты

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинге Дагестандагы май куюучу станцияда болгон жарылуудан адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөм жана бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин тилейм”, - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Белгилей кетсек, кечээ кечинде Махачкаладагы "Глобус" соода борборунун жанында автосервис өрттөнүп, өрт май куюучу жайга өтүп, андан кийин катуу жарылуу болгон.

Акыркы маалыматка ылайык, жарылуудан каза болгондордун жалпы саны 35ке жетсе, жабыркагандардын саны 100дөн ашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: