super.kg logo

"Тамаша го деп ойлогонбуз". Орусияда блогерден унаа белекке алган кыргызстандыктар эмоциясы менен бөлүштү

 

Орусияда блогерден унаа белекке алган кыргызстандыктар окуядан кийинки эмоциялары тууралуу SUPER.KG порталы менен бөлүштү.

Белгилей кетсек, орусиялык блогер Михаил Тимочко кыргызстандык үй-бүлөгө жарым миллион рублдук унаа белек кылган.

Белек күтүүсүз болгонун айткан Айдана Бекмамбетова анын үй-бүлөсү көптөн бери унаа алууну самап жүргөнүн билдирди.

"Көчөдө кетип баратканбыз. Мен телефонго алаксып бараткам. Унааны белек кылуу сунушун айтканда жолдошум "жок" деп жооп бергенин угуп калдым. Мен болсо "ооба" деп айтып, тамаша го деп аны менен сүйлөшүп кеттим. Колубузга унаанын ачкычын, документтерин карматканда да ишенген жокпуз. Алар бизди куттуктап, унааны калтырып кетип калышты. Жолдошум, балам үчөөбүз ишене албай 15-20 мүнөттөй турдук. Анан унаанын ичине кирип, жакын туугандарыбызга чалып сүйүнчүлөдүк. Алар да ишенишкен жок. Айдоочулук күбөлүк жаныбызда жок болчу. Үйдөн аны алдырып, айдап кеттик. Учурда унааны толугу менен өзүбүздүн атыбызга өткөрүү иштери менен алекпиз. Бизге белек кылган блогер менен да байланышып, кабарлашып турабыз", - дейт ал.

Айдана Бекмаматова үй-бүлөсү менен Орусияга жакында эле барган. Алар 5-6 жылдан бери аталган өлкөгө барып иштеп келишет. Ал кичинекей баласын карап үйдө отурса, жолдошу курулушчу болуп иштейт. Алар Жалал-Абаддын Аксы районунун тургундары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: