super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 15-августта Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын 10-жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана эки тарапты тең кызыктырган башка чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча пикир алышуу болду.

Мамлекет башчысы кыргыз-өзбек мамилелеринде эки тараптуу кызматташуунун дээрлик бардык багыттарында болуп көрбөгөндөй оң өзгөрүүлөр болгонун айтып, мындай биргелешкен ийгиликтерде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин өзгөчө маанилүү ролун баса белгиледи.

Садыр Жапаров акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы өз ара сооданын ырааттуу өсүүсү байкалганына канааттануу менен токтолуп, бүгүнкү талкууланган маселелер жана жетишилген келишимдер эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн деңгээлинде толук ишке ашат деген бекем ишенимин билдирди.

"Өз кезегинде Абдулла Арипов президент Шавкат Мирзийоевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарында кабыл алынган тарыхый чечимдерге басым жасады. Анын ичинде, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процесси аяктаганына токтолду.

Баарлашуунун жүрүшүндө Арипов Өзбекстан боордош Кыргызстандын жетишкен ийгиликтерине, өлкө экономикасынын туруктуу өнүгүшүнө чын дилинен кубанарын айтып, экологиялык заманбап Асман шаарынын курулушунун башталышын мамлекеттин ийгиликтүү өнүгүүсүнүн айкын символу катары сыпаттады", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушууда тараптар эки элдин бакубатчылыгын жана бир туугандык байланыштарын чыңдоого багытталган биргелешкен мерчемдер менен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушканы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: