super.kg logo

Ысык-Көлдө суу транспортторунун ишмердүүлүгү текшерилүүдө

 

Ысык-Көлдө жыйырма суу транспорт ээлерине протоколдор түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл ОИИБинин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол-транспорт коопсуздугу чөйрөсүн көзөмөлдөө башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте чакан кемелердин ээлери тарабынан ченемдик-укуктук актылардын талаптары кандай деңгээлде аткарылып жаткандыгы боюнча текшерүү иш-чараларын жүргүзүштү.

"Август айында башталган 10 күндүк текшерүүнүн жүрүшүндө 35 кеме ээлери текшерилип, анын ичинен 15 суу скутеринин, 3 катердин жана 2 теплоходдун ээлерине суу транспортунун техникалык шайкештигин бузгандыгы, кеме билеттеринин, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу укугуна лицензиялардын жоктугу үчүн протоколдор түзүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары суу транспортторунун ээлери менен каттоо жана уруксат берүүчү иш кагаздарын алуу боюнча бардык зарыл процедуралардан өтүү жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында, 70 жаран Балыкчы шаарындагы жол-транспорт коопсуздугу чөйрөсүн көзөмөлдөө башкармалыгынын өкүлчүлүгүнө кеме билеттерин алуу боюнча арыздарын тапшырышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: