"Бүгүн эле 160 миң сом айып пул салынды". Жол инспекторлору оор жүк ташуучу унааларды текшерүүдө
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жол көзөмөлдөө бөлүмү оор жүк ташуучу унааларды текшерүүдө.
Милициянын кайгуул кызматынан билдиргендей, "Кооптуу жүк" аталышындагы рейддик иш-чара 15-17-август күндөрү өткөрүлөт. Анын алкагында күйүүчү май, жарылып кетүү коркунучу бар заттарды, газ, радиоактивдүү уулу заттарды, оор жана кооптуу жүктөрдү ташыган унаалар текшерилүүдө.
Рейддин жүрүшүндө коопсуздук эрежелерин толук кандуу сактабаган оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына карата жалпы 160 миң сом айып пул салынганы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:05
2025-07-05

9:20
2025-07-05
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.