Бишкекте жаңы окуу жылына даярдык көрүлүүдө






Бишкекте окуу жылынын башталышына даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, кечээ, 15-августта жаңы окуу жылына даярдык көрүү максатында №18 мектепте жумушчу жыйын болуп өттү.
Анда Биринчи Май районунун акимчилигинин жетекчилиги, шаардык кызматтардын өкүлдөрү жана подрядчик №18 билим берүү уюмунун (Карагайский проспектиси 31) кошумча имаратынын курулушун аяктоо маселесин талкуулашты.
"Текшерүү иштеринин жүрүшүндө кызматтарга курулуш таштандыларын чыгаруу, жашыл аянтчаларды санитардык бутоо, мектептин айланасындагы жолду асфальттоо мүмкүнчүлүгүн карап, откананы азыктандырган трансформатордун күчүн жогорулатуу боюнча тапшырмалар берилди", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле бүгүнкү күндө кошумча имараттын курулушу бүткөрүлүп, учурда мектепке чейинки даярдык кызуу жүрүп, класстарды жууп, окуучулардын парталарын, стеллаждарын, столдорун, отургучтарын жана доскаларын жууп, орнотулду.
Белгилей кетсек, эки кабаттуу имарат 225 орунга эсептелген, 910 чарчы метр аянтты ээлейт. Каражат депозиттик эсептен коррупцияга каршы күрөш үчүн бөлүнгөн.


