Коргоо министри Орусияда "Армия-2023" аскердик-техникалык форумуна катышты






Коргоо министри Бактыбек Бекболотов 14-августтан 16-августка чейин Москва шаарында болуп өткөн Эл аралык коопсуздук боюнча 11-Москва конференциясына жана "Армия-2023" эл аралык аскердик-техникалык форумуна катышты. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, аскердик-техникалык форумдун алкагында кыргыз делегациясы "Армия-2023" форумунда көрсөтүлгөн Орусиянын жана башка бир катар өлкөлөрдүн жаңы аскердик-өнөр жай комплекстери менен таанышты.
Ага ылайык, эл аралык коопсуздук боюнча Москва конференциясынын жүрүшүндө республиканын коргоо ведомствосунун башчысы глобалдык коопсуздуктун актуалдуу маселелери каралган пленардуу жолугушууларга катышты.
"Ошону менен бирге Москва конференциясынын алкагында Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов Орусиянын Коргоо министринин орун басары генерал Александр Фомин менен жолугушту. Тараптар аскердик жана аскердик-техникалык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты", - деп айтылат маалыматта.
