super.kg logo

Караколдо жаңы төрөлгөн ымыркайдын акыреги сынган. Министрлик дарыгерлерге катуу чара көрүлөрүн билдирди

 

Саламаттыкты сактоо министрлиги Ысык-Көл облустук төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн ымыркайдын акырек сөөгүнүн сынганы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзө баштады. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта аталган министрликтен билдиришти.

Маалымдалгандай, министрлик жаңы төрөлгөн ымыркайдын акырек сөөгүнүн сынганы боюнча чоң тынчсызданууну жаратып жатканын билдирди.

"Бул процесстин алкагында атайын түзүлгөн комиссия төрөттүн ар бир этабында медициналык стандарттардын сакталышы боюнча комплекстүү текшерүү жүргүзөт. Биз окуяда айтылган бардык факторлорду аныктоого жана келечекте ушул сыяктуу жагдайларды болтурбоо үчүн тийиштүү чараларды көрөбүз. Бул ишти териштирүүгө ички иштер органдары да тартылды. Биз аларга бардык зарыл колдоолорду жана кызматташууну көрсөтөбүз. Окуяга күнөөлүү медицина кызматкерлери мыйзам чегинде катуу жазаланат", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары алар учурда ымыркайга да, анын апасына да толук сакайып кетүү үчүн керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жаткандыгын белгилешти.

Белгилей кетсек, кечээ, 15-августта Kaktus.media сайтынын редакциясына Ысык-Көл облусунун тургуну Аман Кыдыралиев кайрылган. Ал Каракол шаарында жайгашкан Ысык-Көл облустук төрөт үйүнүн дарыгерлеринин шалаакылыгынан улам жаңы төрөлгөн ымыркайынын акырек сөөгү сынып, жубайы Айкерим Алмазбекова 5 сааттан ашык кыйналып жатканын айтып, даттанган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: