Ош. Шаарда Июнь окуясында жабыркагандарга үй берүү маселеси боюнча жыйын болуп өттү
Жыйындын жүрүшүнөн


Жыйындын жүрүшүнөн

Вице-премьер министр Тайырбек Сарпашев жыйындын катышуучулуларына сөз сүйлөөдө
Бүгүн, 13-декабрда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө 2010-жылдагы Июнь окуясында жабыркаган жарандарга үй берүү маселеси боюнча вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин катышуусунда жыйын болуп өттү.
Автор: Элира Чынтемир кызы
Жыйынга шаардык жетекчилик, облустук өкүлчүлүк жана укук коргоо кызматынан өкүлдөр келип катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө облус боюнча Июнь окуясында жабыркаган үй алуучу жарандардын саны 49, ал эми Ош шаарынан 31 жаран үй алуу кезегинде турары маалым болду. Катышуучуларга кайрылып жатып "Таза, так иштегиле, ошого жараша биз саясий чечим кабыл алалы. Январь айынын биринчи жарымына чейин үй алуучуларга үйлөрдү берип бул темага чекит коёлу" деди вице-премьер-министр Сарпашев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

