super.kg logo

Гавайидеги өрттөн каза болгондордун саны 100дөн ашты

 

АКШнын Гавайи штатындагы Мауи аралында чыккан өрттөн каза болгондордун саны 100дөн ашты. 101 адам каза болгонун аталган штаттын губернатору Джош Грин кечээ, 15-августта билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, кырсык болгон аймактын төрттөн биринен көбү изилденген. Куткаруучулар күйүп кеткен үйлөрдүн күлүн электен өткөрүп, сөөктөрдү издөөгө атайын үйрөтүлгөн иттер жардам берүүдө.

Грин дагы бир жолу акыркы жыйымдар алда канча жогору болорун жана жакынкы күндөрү каза болгондордун саны эки же үч эсе көбөйүшү мүмкүн экенин эскертти.

Эске сала кетсек, 8-августта токойлорду каптаган өрт катуу шамалдан улам калктуу конуштарга жайылып, жыл сайын эки миллионго жакын турист эс алган белгилүү курорт - Лахайна шаарын толугу менен жок кылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: