super.kg logo
  Саясат  

Өзбекстан кыргызстандык студенттер үчүн 100 квота бөлүүнү пландоодо

 

Өзбекстан кыргызстандык студенттер үчүн 100 квота бөлүүнү пландоодо. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынан соң коңшу өлкөнүн жогорку билим, илим жана инновация министринин биринчи орун басары Комилжон Каримов билдирди.

Анын айтымында, билим жаатындагы өз ара кызматташуу боюнча үч негизги маселе каралган.

Жогорку билимдин жана ЖОЖдон кийинки билимдин документтерин таануу жөнүндө келишим түзүү маселесин изилдөө боюнча тараптар ишти улантууну макулдашты. Ошондой эле 2024-2025-окуу жылына Өзбекстан тараптан кыргызстандык студенттерге 100 орун берүү маселесин карап жатабыз”, - деди Каримов.

Мындан тышкары ал эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форумун өткөрүү маселеси талкууланганын белгиледи.

“Бул форум октябрда Ош шаарында Кыргыз-Өзбек Садыков университетинин базасында өткөрүлөт” деп кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: