Бишкектин ири унаа жолдорун кеңейтүү иштери кызуу жүрүүдө






Маалым болгондой, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тарабынан жолдордо чоң тыгындарды азайтуу жана унаалардын агымын азайтуу үчүн Чүй проспектиси менен Курманжан-Датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолду кеңейтүү долбоору иштелип чыкты.
"Бүгүнкү күндө "Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Чүй проспектисинин жана Курманжан-Датка көчөсүнүн кесилишинин түндүк-чыгыш тарабындагы асфальтын алуу боюнча жана жолдун жүрүүчү бөлүгүн кеңейтүүгө даярдык иштерин жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, аялдамалар комплекси жылдырылып, жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн кошумча тилке кошулат. Жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылуу үчүн жол белгилерин кайрадан куруу пландаштырылууда.

