super.kg logo

Бишкекте №26 бала бакчанын кошумча корпусунун курулушу уланууда

 

Бишкектин Киргизия-1 конушунда жайгашкан №26 бала бакчанын кошумча корпусунун курулуш иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, учурда оюн аянтчаларын куруу, ички тазалык техникасы, электр монтаждоо, жылытуу, шыбак жумуштары жүрүүдө. Андан тышкары фасад жумуштары башталды.

"Имаратта бардык керектүү жайлар биринчи жана экинчи кабаттарда жайгашкан: кийинүү, оюн, уктоочу бөлмөлөр, кампа, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, кызматкерлер бөлмөсү, ашкана, изоляциялоо бөлмөсү, жабдууларды тазалоо үчүн кампа, спорт залы, музыка жана ыр сабактары үчүн зал каралган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 орунга ылайыкталган. Эки кабаттуу, жер төлөсү жок. Имараттын жалпы аянты – 1442 чарчы метр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: