super.kg logo

Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгы быйыл Ошто белгиленет

 

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы Ошто өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Маалымдалгандай, 31-августта Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгы, мамлекеттик жана саясий ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган мамлекеттик маанидеги иш-чаралар өтөт.

Программанын долбоору:

- Ош шаарында мамлекеттик тууну салтанаттуу көтөрүү (Сулайман-Тоо);
- Мамлекеттик жана саясий ишмери Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференция жана Насирдин Исановдун эстелигинин ачылышы (ОшМУ);
- "Ош – достуктун шаары" иш-чарасы (Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры);
- спорттук мелдештер (Ахматбек Сүйүнбаев атындагы Ош шаарынын борбордук стадиону);
- ат оюндары (“Төлөйкөн” ат майданы);
- майрамдык салтанаттуу иш-чаралар (Ош шаарынын борбордук аянты).

Иш-чараны чагылдырууну каалаган ЖМК өкүлдөрү Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматына кайрылуусу керек.

ЖМК өкүлдөрү иш-чарлар өтө турган жерлерге өздөрү барышат. Журналисттерди жеткирүү каралган эмес.

Аккредитация 2023-жылдын 28-август күнү саат 18:00дө токтотулат. Байланыш номерлери: 0703 100 683, 0557 565 691, 0703 342 710.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: