super.kg logo
  Саясат  

Маданият, искусство жана спорт чөйрөсүнө 670 миллион сомдон ашуун каражат бөлүндү

 

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен маданият, искусство жана спорт чөйрөсүнө 673 миллион 515 миң бюджеттик каражат бөлүндү.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, мындай чечим азыркы учурда маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын милдеттерин чечүүнүн, маданий потенциалды сактоого, маданий баалуулуктарга жетүүгө болгон конституциялык кепилдиктерди камсыз кылууга, маданият чөйрөсүн рыноктук шарттарга адаптациялоого багытталган чараларды көрүүнүн өтө зарылдыгы бышып жетилгени менен шартталат.

"Мамлекет башчысы “Маданият, искусство жана спорт чөйрөсүн мамлекеттик колдоонун кечиктирилгис чаралары жөнүндө” жарлыкка кол коюп, ага ылайык Министрлер кабинетине көрсөтүлгөн каражатты бөлүү тапшырылды. Жарлыкка жана Министрлер кабинетинин тескемесине ылайык, бөлүнгөн акча каражаты азыркы учурдагы маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын милдеттерин чечүүнүн, маданий потенциалды сактоого, маданий баалуулуктарга жетүүгө болгон конституциялык кепилдиктерди камсыз кылууга, маданият чөйрөсүн рыноктук шарттарга адаптациялоого багытталат", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, былтыр апрелде президент Жапаровдун тапшырмасы менен маданият тармагынын кызматкерлеринин эмгек маянасы дээрлик 100 пайызга көбөйтүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: