super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров иш сапары менен Кытайга барды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна (СУАР) иш сапары менен барды. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында өкмөт башчы СУАРдын жетекчилиги менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт, анда эки тарапты кызыктырган бардык тармактар боюнча маселелер талкууланат.

Ошондой эле Акылбек Жапаров “Кытай-Евразия: товарлар жана соода 2023” ЭКСПОнун ачылышына катышат. Мындан тышкары ал Кытайдын алдыңкы корпорацияларынын жетекчилери менен жолугат, Үрүмчү шаарынын эркин экономикалык аймагына барат, кытайлык ишкерлер менен жолугат жана кыргыз-кытай бизнес форумуна катышат.

Белгилей кетсек, иш сапар Кытай Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуйдун чакыруусу боюнча уюштурулду. Ал ушул жылдын март айында Кыргызстанга келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: