БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына дагы 9 талапкерди каттады
Бүгүн, 17-августка карата Борбордук шайлоо комиссиясы Ленин округундагы кайра шайлоого катышууга арыз берген 9 талапкерди каттады. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун корутундусунун негизинде тѳмѳндѳгү талапкерлер катталды:
- Карачач Исмаилова;
- Токтокучук Мамытов;
- Руслан Ажыбеков;
- Жеенбек Искендеров;
- Абдивали Балтабаев;
- Айбек Субанов;
- Бактыбек Рысалиев;
- Лейла Саралаева;
- Эркин Булекбаев.
Буга чейин катталган талапкерлер:
1) Аскар Алмаз уулу;
2) Токтогул Какчекеев;
3) Эртай Искаков;
4) Турсунбай Бакир уулу;
5) Сулайман Мамаев;
6) Ырсалиев Жамалбек;
7) Ыргал Кадыралиева;
8) Нүргүл Сооронбаева;
9) Русланбек Тагаев;
10) Бакыт Шаршембиев;
11) Мурат Эсенаманов;
12) Илимбек Аттокур уулу;
13) Таалайбек Кермалиев.
Белгилей кетсек, депутаттыкка талапкерлерди каттоо 20-августта аяктайт. Ал эми Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленген.



