Бишкекте милиция кызматкерлери кармалды
Бишкекте милиция кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
Белгиленгендей, алар УКМКнын кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн.
Кармалгандардын арасында Бишкек ШИИББинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын 3 кызматкери, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын эки кызматкери, ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери жана Бишкек РИИБинин биринде эмгектенген милиционер кармалган. Ал эми бир шектүү качып кетүүгө үлгүргөн.
Алар кызматтык кыянатчылыкка шектелүүдө.
Бул окуя боюнча УКМК азырынча расмий маалымат тарата элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.