super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаровдун Кытайга сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду (тизме)

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Кытайга сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин сапардын алкагында Жапаров Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, Синьцзян Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү кабарланган.

Жолугушуунун жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду:

1. Кыргызстандын министрлер кабинети менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур Автономиялуу районунун элдик өкмөтүнүн ортосундагы электр энергиясы менен камсыздоо максатында энергетикалык инфраструктураны туташтыруу боюнча ниеттер жөнүндөгү меморандум;

2. Кыргызстандын министрлер кабинети менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун элдик өкмөтүнүн ортосундагы пландалган “Бедел” өткөрүү пункту аркылуу өтүүчү автожолду куруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандум;

3. Кыргызстандын министрлер кабинети менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур Автономиялуу районунун элдик өкмөтүнүн ортосундагы чек арадагы электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн эки өлкөнүн почта кызматтарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тездетилген почтаны илгерилетүүнү активдештирүү жөнүндөгү макулдашуу;

4. Кыргызстандын министрлер кабинети менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур Автономиялуу районунун элдик өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстандын жарандарына Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун жогорку окуу жайларында билим алуусу үчүн 25 стипендиялык орун берүү жөнүндөгү макулдашуу;

5. КР Энергетика министрлиги менен ТВЕАнын ортосунда Сары-Жаз каскадын курууда кызматташуу боюнча ниеттер жөнүндөгү меморандум;

6. КР Энергетика министрлиги менен ТВЕА компаниясынын ортосундагы 500 кВ “Кемин-Торугарт” электр линиясын куруу боюнча кызматташуу жөнүндөгү Меморандумдун долбоору.

Эске салсак, Акылбек Жапаров Кытайга сапар менен кечээ, 16-августта барган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: