super.kg logo

Кытайда «ЭКСПО Кытай-Евразия товарлары жана соодасы - 2023» көргөзмө-жарманкеси ачылды

 

Кытайдын Үрүмчү шаарында «ЭКСПО Кытай-Евразия товарлары жана соодасы 2023» көргөзмө-жарманкеси ачылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, бүгүн, 17-августта Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун (СУАР) Үрүмчү шаарында «ЭКСПО Кытай-Евразия товарлары жана соодасы 2023» көргөзмө-жарманкеси ачылды. Аталган жарманке 21-августка чейин уланат.

“Кытай-Евразия ЭКСПО - 2023” көргөзмөсү 6 тематиканы камтыйт:

- энергетика өнөр жайынын көргөзмө аянты;

- smart Life көргөзмө аянты;

- маданий өнүктүрүү тармагынын көргөзмө аянты;

- санариптик жана жогорку технологиялардын көргөзмө зонасы;

- айыл чарба продукциясынын жана тамак-аш азыктарынын көргөзмө аянты;

- текстиль жана кийимдердин көргөзмө аянты.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын көргөзмө Павильонун уюштуруу боюнча иштери жүргүзүлүп, Кытай рыногуна кыргыз товарларын жылдыруу максатында ата мекендик ишканалардын продукциялары коюлду.

"Кытай эл аралык жарманкеси үч жолу ийгиликтүү өтүп, жемиштүү жыйынтыктарга жетишти. Көргөзмөгө дүйнөнүн 46 өлкөсүнөн жана аймагынан жана 31 провинциядан, автономиялуу облустардан жана муниципалитеттерден 3700дөн ашык компания катышып, сатып алуучулардын саны 32 миңден ашты. Экономика, соода, энергетика, илим жана техника жана гуманитардык илимдер, тармактарында 50дөн ашык форум жана атайын иш-чаралар өткөрүлүп, келишимдин жалпы суммасы 487,332 миллиард юанды түзгөн", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: