super.kg logo
  Саясат  

Ош. Шаарда Келдибековду бошотуусун талап кылып саясий ачкачылык жарыялаган энелер ооздоруна скотч чаптап алышты (фоторепортаж)

 
Ош шаарынын борбордук аянтынын бүгүнкү көрүнүшү.
Депутат Ахматбек Келдибековдун бошотуусунун талап кылып саясий ачкачылык жарыялаган аялдар.
Саясий ачкачылыктын жүрүшүнөн.
Ачкачылык жарыялагандардын арасында эркек кишилер да бар.
Боз үйдүн ичиндеги саясий ачкачылык жарыялаган энелер.
Саясий ачкачылык жарыялаган энелер ооздоруна скотч чаптап алышкан.
Саясий ачкачылыктын катышуучусу Азарбай Осмоналиев.
Саясий ачкачылыкка катышкандардын арасында мырзалар да бар.
Ачкачылыктын жүрүшүнөн.
Саясий ачкачылыкка катышкан аксакал.
Саясий ачкачылыктын жүрүшүнөн.

Башкы прокуратура тарабынан коррупцияга шектелип абакка алынган Ахматбек Келдибековду бошотуу талабы менен депутаттын тарапташтары саясий ачкачылык жарыялашканына 3 күн болду. Эске салсак, алар буга чейин орозо кармап келишкен эле. 

Бүгүн, 13-декабрда да Ош шаарынын борбордук аянтында жайгашкан коргоо комитетинин штабындагылар нааразылык акциясын улантышууда. Алардын бири Азарбай Осмоналиев: "Акаев, Бакиев бийликте турган мезгилде ачкачылык жарыялагандарга көңүл бөлчү эле. Бул бийлик таптакыр көңүл бөлбөй жатат. Биз балабызды эле актап берүүсүн суранабыз",- деди.

Эскерте кетсек, 20-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан Ахматбек Келдибековго Кылмыш-жаза кодексининин "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган эле. 22-ноябрда Бишкектеги Октябрь райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы менен 2 айга камалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: