"Төрт адамдын өмүрүн алган каргаша". Босниянын тургуну түз эфирде мурдагы аялын атып өлтүрдү
Босния жана Герцоговинанын Градачац шаарында Инстаграмда түз эфирде атып өлтүрүлгөн аялдын өлүмүнөн кийин 16-август аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, 11-августта Градачац шаарынын тургуну Инстаграмда түз эфирде мурдагы аялын атып өлтүргөн. Анда түз эфирди 12 миңдей адам көрүп турган.
Андан соң ал дагы эки адамды өлтүрүп, окуядан кийин өз жанын кыйган. Ал буга чейин адам өлтүрүүгө жана маңзат аткезчилигине айыпталып, камалып чыкканын айрым басылмалар жазып чыгышты.
Бул окуяга байланыштуу Босниянын бир катар аймагында миңдеген адам кыз-келиндердин укугун коргоону талап кылып, нааразычылык акциясына чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.