super.kg logo
  Спорт  

Тогуз коргоол боюнча курама команда Азия чемпиондугунда 19 медаль жеңди

 
Тогуз коргоол боюнча курама команда Азия чемпиондугунда 19 медаль жеңди. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Кыргызстандын тогуз коргоол боюнча курама командасы Монголиянын Баян-Өлгей шаарында өткөн Азия чемпиондугунда 3 алтын, 2 күмүш, 14 коло жеңди. Мелдеш 4-12-август күндөрү өткөндүгү кабарланат.
Мелдешке 10 өлкөдөн келген (Монголия, Кыргызстан, Казакстан, Бангладеш, Кытай, Филиппин, Орусия Федерациясынын Алтай жана Саха Республикалары, Өзбекстан, Туркия, Туркмөнстан) 200гө жакын спортчулар катышкан.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
1-орун:
- Бактыбекова Айзада - (блиц чоӊдор курама жаат мүчөсү);
- Сейдахматов Баимбет - (классика 19 жаштар Бишкек шаары);
- Садырова Нургыз - (классика 14 жаш Ысык-Көл облусу).
2-орун
- Сазаев Кубан - (классика чоӊдор курама жаат мүчөсү);
- Закирова Айжан - (блиц 14 жаш Ош облусу).
3-орун
- Джамакеев Анарбек - (классика чоӊдор курама жаат мүчөсү);
- Шамбетова Алтынай - (классика чоӊдор курама жаат мүчөсү);
- Жамансартова Азиза - (классика чоӊдор курама жаат мүчөсү);
- Сагыналиева Гулайым - (классика 19 жаш Бишкек шаары);
- Султашев Нурэл - (классика 14 жаш Ысык-Көл облусу);
- Рахманов Динислам - (классика 14 жаш Ош шаары);
- Джамакеев Анарбек – (блиц чоӊдор курама жаат мүчөсү);
- Сыргак уулу Сырттан Блиц чоӊдор (Курама жаат мүчөсү);
- Асейева Адина (блиц чоӊдор курама жаат мүчөсү);
- Кудайбердиев Марсель (19 жаш Бишкек шаары);
- Султашов Ислам (блиц 19 жаш Ысык-Көл);
- Асанкулова Эркежан (блиц 19 жаш Бишкек шаары);
- Сманова Аэлита (блиц 19 жаш Чүй облусу);
- Жеӊишбеков Алмазбек (14 жаш Ош шаары).





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: