super.kg logo

Камчыбек Ташиев блогер Анатолий Разгоняевди кабыл алды

 

Бүгүн, 17-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев интернет тармагындагы блогер Анатолий Разгоняевди кабыл алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына атайын кызматтан билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушууда Камчыбек Ташиев Анатолий Разгоняевдин Кыргызстанда кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымын жогору баалаарын белгилеп, патриоттук духта блогердик ишмердигин улантылышы керектигин айтты.

Көп улуттуу Кыргызстандын ар бир жараны, кайсы улуттун өкүлү экендигине карабастан Кыргызстанды чын дилден сүйүүгө, анын ар тараптуу өнүгүшүнө жардам берүүсү керектигин, бул багытта блогер Анатолий Разгоняев сыяктуу жарандардан үлгү алууга болорун кошумчалады.

Камчыбек Ташиев блогер Разгоняевге белек катары колуна камчы карматып, башына ак калпак кийгизди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: