Айыл чарба адистери үчүн модернизацияланган окуу борбору ачылды




Өлкөдө айыл чарба адистеринин квалификациясын жогорулатуу системасын түзүү үчүн модернизацияланган окуу борбору ачылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, окуу борбору ушул жылдын июль айында ачылган.
"Азыркы учурда айыл чарба министрлиги тарабынан 2023-2025-жылдарга карата анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жана адистеринин квалификациясын жогорулатуу планы даярдалды. Ага ылайык баштапкы этапта окутуу модулдары, окутуучулар даярдалат", - деп жазылат анда.
Окуу курсун аяктагандан кийин сертификаттар жана күбөлүктөр менен тастыкталат.
Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институту ушул жылдын 19-майынан баштап билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензия алганы айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:20
2025-07-05
13:41
2025-07-04

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.