Бишкектеги Манас айылында жаңы жол жана тротуарлар салынып жатат





"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Бишкектеги Манас айылында жол жана тротуарды куруу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта шаардык мэриядан билдиришти.
Ага ылайык, аталган айылдагы эски асфальттарды сүрүү иштери жүрүп, курулуш таштандылары чыгарылууда.
Жолдун эки тарабына тротуар, ирригациялык системалар курулуп, жер кыртышын толтуруу жана пайдубалын даярдоо иштери жүрүп жатканы айтылат.
"Ч.Айтматов проспектисинин жээгиндеги тротуарда бригада бордюрду даярдоону жана аларды орнотууну аяктады.
Бүгүнкү күндө узундугу 400 погон метр, туурасы 3 метрди түзгөн тротуардын негизин даярдоо иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:41
2025-07-04

10:20
2025-07-04
10:18
2025-07-04

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.