super.kg logo
  Спорт  

Дүйнө чемпиондугу: Калмира Билимбек кызы коло үчүн күрөшөт

 

Кыргызстандык спортчу Калмира Билимбек кызы бүгүн, 17-августта Иорданияда өтүп жаткан 20 жашка чейинки (U20) балбандар арасындагы дүйнө чемпиондугунда коло байге үчүн күрөшөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиргендей, балбан кыз 59 килограмм салмакта килем үстүнө 16-августта чыгып, таймашты квалификациялык айлампадан баштаган.

Биринчи кармашында ал өзбекстандык спортчуну 11:1 эсебинде жеңди. Андан кийин 1/8 финалда казакстандык балбан кызды 8:1 эсебинде утуп келе жатып, далысын килемге басып, таза жеңишке жетти. Чейрек финалда ал япониялык атаандашын 10:0 эсебинде утту.

Бирок жарым финалдык беттеште ал бейтарап туунун алдында чыгып жаткан Алеся Гетмановага 4:6 эсебинде жеңилип, коло байге үчүн күрөшө турган болду.

Үчүнчү орун үчүн кармаш бүгүн өтөт. Калмира Билимбек кызынын атаандашы польшалык Александра Витос менен түркиялык Севим Акбаштын ортосундагы беттеште жеңген спортчу болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: