super.kg logo

Президенттин кабыл алуусун 4 күндөн бери күтүп жаткан баткендиктер: "Эл аралык коомчулукка кайрылууга аргасыз болуп жатабыз"

 

Баткендин тургундары өкмөт үйүнүн жанында 4 күндөн бери президенттин кабыл алышын күтүп жатышат. Буга чейин айтылгандай, мындагы жарандар Баткендин Кадамжай районунда 14 жаштагы кыздын зордукталып, өлтүрүлүшүнө шектелип кармалгандардын бири Элдияр Бахтияр уулунун жакындары.

Алар 4 күндөн бери күнү-түнү өкмөт үйүнүн алдынан кетпей, мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун кабыл алуусун күтүп олтурушат. Бирок ушунча күндөн бери эч кандай майнап чыкпагандыктан БУУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн имаратынын жанына барып, эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурдуруунун аракетин көрө тургандыктарын айтышты.

"4 күндөн бери күтүп олтурабыз. Бирок эч кандай майнап болгон жок. Буга чейин дагы башка өлкөнүн медиа өкүлдөрү ушул боюнча маалымат даярдайлы, интервью бергиле деп телефон чалышканда, макулдук бербей жатканбыз. Президент кабыл алса, маселе өзүбүздөн өлкөдөн сыртка чыкпай эле чечилсе деген ниет бар болчу. Бирок кабыл алуу болбогондон кийин эл аралык коомчулукка кайрылуудан башка аргабыз калбады. Анткени биздин такыр күнөөсү жок балабыздын түрмөдө акыйкатсыз отурганына көз жума албай жатабыз", - дейт Элдиярдын атасы.

Буга чейин шектүүнүн эжеси Айнагүл Бекенова да SUPER.KG порталына кылмышты жасаган жигиттин анын инисине бир жолу телефон чалганы үчүн гана камап коюшканын айткан болчу.

Эске салсак, өткөн жылдын 4-сентябрында Кадамжай районунун Ноогардан айылында 14 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. Кылмышка шектелип аталган райондун 4 тургуну кармалган. Алардын экөөсү ошол жылдын декабрь айында Оштогу тергөө абагында асынып каза болгону айтылган.

Жакында эле Баткен облустук соту шектүүнү бирине өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырган. Ал эми дагы бир айыпталуучу 17 жаштагы Элдияр Бахтияр уулун райондук сот 10 жылга эркинен ажыраткан. Учурда иш облустук сотто каралууда.

Кошумчаласак, Кыргызстанды дүрбөлөңгө салган окуяны президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганын айтып, "кылмышкерлер өтө катуу жаза алууга тийиш" деп билдирген. Ал эми башкы прокурор Курманкул Зулушев укук коргоо органынын кызматкерлери бул ишти "адилет тергеп берет" деп убадалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.08.2023. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Президентти жейсинер го
18.08.2023. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баткендиктер тойгузду ээ эч эле шугур кылбаган тойбогон эл экен тынчы дагы жок чыр!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: