super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт министрликтерге Hyundai компаниясынын унааларын алууну сүйлөшүүдө

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Түштүк Кореянын Hyundai Consraction Equipment компаниясынын вице-президенти жана “Азиямоторс” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилиги менен жолукту.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуу президенттин инвесторлорду коргоо жана аларды ар тараптуу колдоо боюнча тапшырмасына ылайык уюштурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө негизинен жогоруда аталган компаниялар чыгарган машина жана ирригациялык жабдуулар менен Кыргызстандын тиешелүү министрликтерин камсыз кылуу боюнча сүйлөшүлдү.

Төрөбаев компаниянын жетекчилигине атайын техникаларды сатып алуу үчүн узак мөөнөткө пайызсыз бөлүп төлөө шартында жүргүзүү механизмин биргелешип иштеп чыгууну сунуштады.

"Унаа жана темир жолдорду куруу, эскилерин реабилитациялоо, ошондой эле айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча долбоорлор ишке ашырылууда. Анын алкагында 2023-2026-жылдар аралыгында ирригация тармагына атайын техникаларды сатып алуу үчүн республикалык бюджеттен 1 миллиард сом каралган. Ошондой эле жол тармагын жакшыртуу үчүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигине республикалык бюджеттен ири суммадагы каражаттар бөлүнүп, жаңы техникалар сатып алынууда", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: