super.kg logo

"Чачтан сүйрөп, бетке тээп". Ысык-Көлдө топ кыздар эки кызды аёосуз сабап жаткан видео тарады

 

Ысык-Көлдө көл жээгинде топ кыздардын мушташы орун алды. Бүгүн, 17-августта социалдык тармактарда тараган видеодон топ кыздар эки кызды сабап жаткандыгын көрүүгө болот.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиргендей, аталган окуя 3-июль күнү Бостери айылындагы "Алтын кум" эс алуу жайынын көл жээгинде орун алган.

Бул окуя боюнча Ысык-Көл РИИБине Чырпыкты айылынын 22 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, күч колдонуп Айфон-11 ПРО үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алышып, аны жана курбусун эч себепсиз сабашкан белгисиз кыздарга чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Келтирилген чыгым 48 миң сомду түзгөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Тоноо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү алты жаран аныкталып, райондук тергөө кызматына алынып келинген. Алар Бишкек шаарынын 16-17 жаштагы тургундары С.Г., А.К., Т.А., Т.П., З.Б. жана К.А. болуп чыккан. Жүргүзүлгөн алгачкы суракта кармалган кыздар күнөөсүн толугу менен моюндарына алышкан.

"Кармалган шектүү жарандарга карата райондук соттун чечими менен тергөө амалдарын өткөрүү учурунда үй камагына алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган болчу. Бирок тергөө учурунда шектүүлөр Т.А., Т.П. жана З.Б. бир нече жолу тергөөгө келүү талаптарын бузгандыктан тергөө кызматы тарабынан аларга карата бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө өтүнүч киргизилген. Тергөөнүн өтүнүчү эске алуу менен райондук сот тарабынан аталган жарандарга карата 1-сентябрга чейинки мөөнөткө камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары уланууда жана шектүүлөрдүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө.






Видео: интернеттен алынды

Видео: интернеттен алынды

Видео: интернеттен алынды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
17.08.2023. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми буга Бозтеринин эли эмне деп чыгат экендер.
17.08.2023. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бостеридеки болгон окуялардын баарын эле Бостери айылыныын тургундарына жаба берген туура болбойт. милициядан айтып жатат ко Бишкек шаарынын тургундары деп. жазасын катуу бериши керек, болобос мындай нерселер кайталана берет.
17.08.2023. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айланайын колдуктор.Силер эмне эркегинер да кыздарынар да толпа кылып калдынар.Жекеме жеке чыгып уйронгуло.Хотья бы бир колдук эркек барбы?????Бар болсо кайрылуу жасап койчу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: